Элчи айым Москвада ата-энесиз калган кыргызстандык бөбөктөргө барды

Элчилик Россиядагы "Центральный" үй-бүлөлүк билим берүүгө көмөк көрсөтүү борборундагы кыргызстандык балдардын укугун коргоо жана аларды мекенине кайтаруу маселелерине көңүл бурарын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат ата-энесинин камкордугусуз калган кыргызстандык кичинекей бөбөктөр (0,4-2 жаштагы) жашаган жайга барып, абалын билип келди. Алар Москва шаарынын Мамлекеттик казыналык мекемесинин Эмгек жана калкты социалдык коргоо департаментинин "Центральный" үй-бүлөлүк билим берүүгө көмөк көрсөтүү борборунда багылып жатат.
Элчи РФ президентинин атайын өкүлү менен жолукту. Талкууланган маселе
Муну менен катар балдар үчүн жеке гигиеналык каражаттар жардам катары берилип, борбордун директору Телегинага балдарды тарбиялоодогу баа жеткис эмгеги үчүн ыраазычылык каты тапшырылган.
Мааламатта элчилик балдардын укугун коргоо жана аларды мекенине кайтаруу маселелерине көңүл бурары айтылган.