Ташкенттен Ысык-Көлгө поезд каттамын май айынан тарта жүргүзүү пландалууда

Өзбек тарап "Узбекистон темир йуллари" ишканасы менен Жалал-Абад станциясынын диспетчердик борборунун ортосунда бирдиктүү диспетчердик байланышты калыбына келтирүүгө жардам берет.
Sputnik
БИШКЕК, 20-март — Sputnik. Өзбекстан менен Кыргызстан "Ташкент — Ысык-Көл (Балыкчы) — Ташкент" жүргүнчүлөр поездин жүргүзүү тууралуу сүйлөшкөндүгүн "Узбекистон темир йуллари" ишканасынын сайтында жазылган.
Маалыматка ылайык, 16-17-март күндөрү өзбек компаниясы "Кыргыз темир жолу" УК" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Василий Дашков башында турган темир жол башкармалыгынын делегациясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.
"2021-жылдын майынан баштап Ташкент —Ысык-Көл — Ташкент" багыты боюнча жүргүнчүлөрдү ташуучу поездин бир жумада бир жолу беш айга чейин жүргүзүү макулдашылды", — деп айтылат билдирүүдө.
Минскиден Бишкек менен Ошко түз авиакаттам ачылышы күтүлүүдө
Мындан тышкары, өзбек тарап "Узбекистон темир йуллари" ишканасы менен Жалал-Абад станциясынын диспетчердик борборунун ортосунда бирдиктүү диспетчердик байланышты калыбына келтирүүгө жардам берүүгө даяр экендигин айткан.
Эске салсак, жүргүнчүлөр жүрүүчү каттамдар өткөн жылдагы пандемиядан улам үзгүлтүккө учураган.