Жалын шыркырап агып. Исландияда тынч жаткан жанар тоонун ойгонгон видеосу

Авиация үчүн "кызыл" код киргизилген жана жанар тоонун атылышына байланыштуу Исландиядагы жалгыз эл аралык аэропорттон учкан каттамдар токтотулган.
Sputnik
Исландияда 800 жылдан бери уктап жаткан Фаградалсфьяль жанар тоосу атыла баштагандыгын Исландиянын Метеорология бюросунун сайты маалымдайт. Вулкандын атылышы жээктеги күзөт кызматы тарабынан тасмага тартылып алынган. Аталган видеодон көрүнүп тургандай, лава жанар тоодон эки тарапка жайылып агууда. Бул туурасында Sputnik Беларусь жазды.
Рейкьявик аймагынан 40 чакырым аралыкта жайгашкан жанар тоонун атылышы түндө башталгандыгын метеорологдор 19-мартта билдирди.
"Жанар тоонун жарылуусунда болжол менен 500-700 метр узундуктагы жарака бар. Андан аккан лава бир чакырымга чейин жайылды", — деп айтылат билдирүүдө.
Ойгонгон вулкан жайгашкан Рейкьянес жарым аралында авиакаттамдардын коопсуздугу үчүн "кызыл" код киргизилген. Исландиядагы эл аралык Кеблавик аэропортунун каттамдарынан тышкаркы бардык учууларга тыюу салынган