Гипертония менен жабыркагандар дарыларды 50 пайыз арзан алышат. Тизме

Арзандатуу камсыздандырылган, үй-бүлөлүк медицина борборунда катталган жана дарыгер көрсөтмө берген бейтаптарга каралган.
Sputnik
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Гипертониялык оорулар менен жабыркаган бейтаптар дарыларга жеңилдик берүү программасы боюнча дары-дармектерди 50 пайыз арзан ала алат. Бул туурасында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММКФ) маалымат кызматы билдирди.
Мындай арзандатууну камсыздандырылган жана үй-бүлөлүк медицина борборунда катталган бейтаптар колдоно алат. Жеңилдик берилген препараттар МККФ менен келишим түзүлгөн дарыканаларда сатылат.
Көрсөтмө менен сатып алууга боло турган дарылардын тизмеси:
КРде кургак учукту үй шартында дарылаган медиктерге кошумча акы төлөнөт
Арзандатылган дарылардын тизмеси менен МККФтин сайтынан дагы таанышууга болот.
Бардык суроолор боюнча фонддун 113 түз байланышы аркылуу жооп алууга шарт түзүлгөн. Бардык мобилдик операторлордун абоненттери үчүн чалуу акысыз.