Радио

Боронбекова: футболчу кыздардын көбү турмушка чыккандан кийин карьерасын токтотот

Футбол боюнча кыздар арасындагы улуттук курама команданын оюнчусу Айжан Боронбекова Кыргызстанда футболчу кыздардын көбү үй-бүлөлүү болгондон кийин спорттогу карьерасын бүтүрөрүн айтты.
Sputnik
Кыздар үй-бүлөлүк маселелерге байланыштуу спортту таштап, карьерасын толук кандуу улантууга мүмкүн болбой калат. Мындай оюн Айжан Боронбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек учурунда билдирди.
Анткен менен кыздар турмушка чыккандан кийин футболду таштабай, карьерасын ийгиликтүү уланткандары да бар.
"Футболчу кыздар турмушка чыгып, футболдон кетип калышат. Бирок биздин чемпионатта эне болуп, үчтөн баласы бар эки футболчу келин бар. Спортту таштабай, кадимкидей эле биз менен футбол ойноп келишет. Кээ бирлеринин күйөөсү ойнобо дейт, айрымдары балдарын карап кызыгуусу кетет. Мисалы, Караколдо жана Жалал-Абадда балалуу футболчуларыбыз бар. Алар көптөргө салыштырмалуу жакшы жыйынтык көрсөтүшөт", — деди Боронбекова.
Маектешибиз ошону менен катар эле спортко аралашкан кыз футбол деп жүрө бербей үй-бүлө да куруу маанилүү экенин кошумчалады.