Мектептеги маанилүү делген эки көйгөй Бишкекте талкууланды

Тартип коргоо органдары, мэрия кызматкерлери мугалимдерден ата-энелерди профилактикалык маектешүүлөргө тартып, түшүндүрүү иштерин байма-бай өткөрүп турууну өтүнүштү.
Sputnik
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Бишкек шаарындагы №13 гимназия мектебинде мектеп директорлору, мэрия өкүлдөрү жана укук коргоо органдары азыркы учурда көйгөй болуп жаткан эки — массалык мушташ менен кыздардын боюна эрте бүтүп калуу маселесин талкуулады. Бул туурасында шаардык милициянын маалымат кызматы кабарлады.
Өспүрүмдөр арасында укук бузуулар, алардын укуктарын жана коопсуздугун коргоо боюнча профилактикалык иштерди күчөтүү болду.
"Чогулушта, айрыкча, кыздардын боюна эрте бүтүп калышынын жана балдар арасында массалык мушташтардын алдын алуу, көзөмөл кылуу, аларды болтурбоо маселелери талкууланды. Ата-энелерди профилактикалык маектешүүлөргө тартып, түшүндүрүү иштерин байма-бай өткөрүп туруу айтылды", — деп кабарлашты милициядан.
Жыйынтыгында катышуучулар сунуштарын айтып, мындан ары да тыгыз иштөөнү улантуу ниетин билдиришти.
Баткен: балдарды жетиштүү тамактандыруу планы иштелип чыкты
Жыйынга вице-мэр Айжан Чыныбаева, ШИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын начальниги Жакып Жумаев, Бишкектин Кайгуул милиция башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Жылдыз Ахметгалиева, Социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси Майрам Мамбетова, саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары Айнагүл Керимкулова, шаардык прокуратуранын прокурору Нургүл Сулайманова жана акимчиликтердин социалдык маселелер боюнча орун басарлары катышкан.