"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына ичип кеткен энесинин азабын, атасынын аялына кор болуп жашап жатканын айтып, окурман кыз кат жазган.
Саламатсыңарбы, сиздерге кат жазганымдын себеби үйдөгү көйгөй, апамдын атама кол көтөргөнү болду. Апам менен атам алыскы айылдардын биринде жашайт. Биз эки кыз, бир уул, үч бир тууганбыз. Сиңдим экөөбүз шаардабыз. Мен тигүү цехинде иштейм, сиңдим колледжде окуп жатат. Байкем да үйдөгү жаңжалдан тажап шаарга баса берген. Ал да курулуш тармагында иштеп жүрөт. Үйлөнө элек. Үйлөнгүсү келсе деле келинчегин үйгө алып баргандан уялса керек. Мен деле 25 жашка чыгып калганым менен азырынча турмуш курууну ойлонгон да жокмун. Себеби апамдын кылык-жоругунан уялам.
Мурда аябай жакшы турчубуз, апам бухгалтер, атамдын менчик трактору болуп өз оокатыбызга тың элек. Бир кезде ата-энем айылга элден биринчи жаңы стандарттагы чоң там да салышкан. Кийин апам жумушунан кетип, айылда дүкөн ачып иштете баштады. Ошол кезди ойлосом сонун болчу. Дүкөндө каалаган таттуулар, үйдө тынчтык. Атам болсо талаа иштери, чарбасы менен алек болуп жүрчү. Кийин ошол дүкөнүбүз биздин үйдөгү беймарал жашообузга бүлүк салды.
Алгач апам келген-кеткендер менен ууртап-татып анча-мынча кызуу болуп келип жатты. Башында ага көп деле көңүл бурган жокпуз. Кийин бирге ичкендерге карыз берип коюп, кээде кимге бергенин билбей калып жүрүп акыры банкрот болуп отуруп калды. Ошол тыйындарынын башы чыкпай баштаганда ичкени көбөйгөн апамдын урушу да арбыды. Эки күндүн биринде уруш-талаш. Кийин аракка акча таппай калганда буюмдарды да сатып иче баштады.
Апам мас болгондо аябай кишичил. Үйдөгүлөргө күн көрсөтпөйт. Ошондуктан сиңдимди да жаныма алууга туура келди. Алагүү кезинде колуна эмне тийсе чабат. Атамды үтүк, үбөлүк менен чаап жиберген күндөрү болду. Атам байкуш бир кезде баркы бар айылдаштарынын алдында өлбөгөн төрт шыйрагы калды көрүнөт. Азыр апам ичип алса эле атама кол салат. Үйдө тынчтык жок. Айылга барганда кеткиче шашабыз. Анткени колубуздан эчтеке келбейт. Башында апамды дарылатып да көргөнбүз. Кийин ээ боло албай калдык. Апама ачуум келгенде атамды шаарга алып кетүүнү да ойлойм. Бирок өзүбүз кенедей батирде турабыз. Сиңдимди окутуп жатам. Апамды да кантип жалгыз калтырып кетебиз. Иши кылып айла жок болуп калды.
Психолог Айгүл Ысыкеева
Ичимдик адамдын жеке жашоосуна жана үй-бүлөсүнө кыйынчылыктарды гана алып келет. Ичкен адам жашоосун өзгөртүү үчүн бир гана өзү чечим чыгарып күрөшө алат. Алкоголизм — бул эмоционалдык көз карандылык. Ал бара-бара химиялык көз карандылыкка алып келет. Ошондой эле ичкиликке берилгендер деградацияга туш болот. Үйдө атасы же энеси ичсе, ортодо балдар үчүн чоң кыйынчылыктар жаралат.
Ал эми дарылоо жагын алсак, ичкен адамдын өзүнүн каалоосу болмоюнча зордоп дарылоо мүмкүн эмес. Ал киши мындай чечимге өзү келиши керек.
Балдар негизинен өзүнүн жеке жашоосун ата-энесиникинен айырмалай билүүсү кажет. Алардан алыстап жалгыз жашоо — кээ бир учурда туура чечим болот. Ата-энесинин трагедиясы алардын жашоосун талкалап салуусуна жол бербеши керек. Мындай көйгөй менен жашоо кыйын, бирок ага да көнүп кетүүгө болот. Ал үчүн ар кандай өзүн коргоо ыкмалары бар. Ошондой техникаларды үйрөнүп, өз жашоосун баалашы керек. Баары бир өмүр өтүп жатат, жашоону өкүнүчтө өткөрүп албаганга аракет жасагыла. Алдыга койгон максатыңарга жетүүгө умтулуп, бири-бириңерди колдон жетелеп, туруп кетишиңер керек. Силер азыр жашсыңар, баары алдыда. Ал эми атаңарга колдон келишинче көмөк көрсөтүп, колдоп тургула. Атаңарды абдан аяйт экенсиңер, бирок ушунча запкынын баарын чыдап көтөрүп жүрүүгө өзү макул болгон. Бул — анын чечими.
Бишкекте алкоголиктердин анонимдүү реабилитациялык борборлору бар. Эгер макул десе, апаңарды ошондой борборлорго алып барсаңар болот. Мен силерге күч-кубат каалап, өз жашооңорду баалоону үйрөнүшүңөр керектигин айтар элем.