Instagram менен WhatsApp кызматы эмнеге иштебей калганын адистери айтып беришти

Кечээ дүйнө жүзү боюнча Facebook компаниясынын иштөө сервистерине тиркеме иштебей калганы жөнүндө арыздануулар түшкөн. Болжол менен бир саатка жетпей баары калыбына келди.
Sputnik
Бишкек, 20-мар. — Sputnik. Instagram жана WhatsApp тармагындагы үзгүлтүккө учуроо техникалык мүчүлүштүктүн кесепетинен келип чыккандыгын жана ал азыр жолго коюлгандыгын "Известияга" Инстаграмдын Россиядагы маалымат кызматы билдирди.
Бишкек убактысы боюнча болжол менен 23:00дө дүйнө жүзү боюнча колдонуучулар социалдык сервис жана мессенджерди колдонууда көйгөйгө тушуккан. Айрыкча, түрмөктү жаңыртып, билдирүү жөнөтүүдө кыйынчылыктар жаралган. Бирок мүчүлүштүктөр бир саатка жетпей калыбына келген.
"Техникалык көйгөйдүн кесепетинен адамдар Facebook тиркемелерине кирүүдө кыйынчылыктарга туш болушту. Биз аны жөнгө салдык жана келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайбыз", — деди компаниянын өкүлү.
WhatsApp да көйгөйлөр жөнгө салынганын билдирди.
"Сиздердин сабырыңыздар үчүн рахмат, бул 45 мүнөткө созулду. Бирок биз кайтып келдик!" — деп жазды Twitter мессенджери
Instagram колдонуучулар үчүн чектөө киргизет. Кимге тиешелүү
Колдонуучулардын көпчүлүгү (76 пайызы) Instagram мүчүлүштүгүнө, 15 пайызы социалдык тармакка кире албай калганына, ал эми жети пайызы социалдык сервистеги кыйынчылыктарга кабылганын айтып даттанышкан.
WhatsApp колдонуучуларынын 71 пайызы кире албай кыйналышса, 26 пайызы билдирүү жөнөтө албай койгонун айтты. Бир пайызы гана каттоо эсебин карай алган эмес.