Көчөгө таштап кетишкен. Бишкекте жаңы төрөлгөн ымыркай табылды

Укук коргоо органдары окуя болгон жерге барганда ымыркай кыз ак кездемеге оролуп, көк үкөктө жаткан.
Sputnik
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Бишкекте жаңы төрөлгөн ымыркай табылды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, саат 07:35те милицияга ордо калаанын Салиев көчөсүндө ымыркай кыз табылгандыгы боюнча чалуу түшкөн.
"Укук коргоо органдары жерине барганда ымыркай ак кездемеге оролуп, көк үкөктө жаткан. Тез жардам кызматынын дарыгерлери аны карап, ымыркайды балдар үйүнө жеткирген. Медиктер бөбөктүн абалын канааттандырарлык деп баалашкан", — деп айтылат маалыматта.
Бул боюнча Кылмыш кодексинин 150-беренеси ("Коркунучта калтыруу") боюнча иш козголгон. Учурда анын энеси изделүүдө.