Жалал-Абад облустук милициясынын жамаатына жаңы жетекчи тааныштырылды. Сүрөт

Сүйүн Өмүрзаков жаңы жетекчиге ийгилик каалап, ички курамга жакшы шарт түзүп берет деп ишенерин кошумчалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 19-мар. – Sputnik. Кыргызстандын ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын жамаатына жаңы жетекчи Ашым Тагаевди тааныштырды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Кыргызстандын ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын жамаатына жаңы жетекчи Ашым Тагаевди тааныштырды
Маалыматка караганда, милициянын полковниги Тагаев атайын конкурстун жыйынтыгы менен облустук башкармалыкка жетекчи болуп дайындалды.
"Жаңы жетекчи жамаатка тааныштырылгандан кийин министрдин орун басары облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилерине коомдук коопсуздукту сактоо милдетин так аткарууну жана түшүндүрүү иштерин такай жүргүзүүнү тапшырды", — деп айтылат маалыматта.
Сүйүн Өмүрзаков жаңы жетекчиге ийгилик каалап, ички курамга жакшы шарт түзүп берет деп ишенерин кошумчалаган.