Нооруз күнү "Унаанын" машина саткан базардагы филиалы иштейт

Филиал 22-мартта иштебейт. Себеби Нооруз майрамы жекшемби күнгө туш келгендиктен, эс алуу күнү дүйшөмбүгө, 22-мартка, жылдырылган.
Sputnik
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. "Унаа" мамлекеттик мекемесинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн аймактар аралык каттоо сектору 21-март - Нооруз майрамында да иштейт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты.
Мекеменин филиалы Военно-Антоновка айылындагы "Риом-авто" унаа базарына жакын жерде жайгашкан.
Анткен менен филиал 22-мартта иштебейт. Себеби Нооруз майрамы жекшемби күнгө туш келгендиктен, эс алуу күнү дүйшөмбүгө, 22-мартка, жылдырылган.