Өзгөндө атылган эки киши: шектүүлөрдүн унаасы менен куралы табылды. Сүрөт

Түндө Өзгөн шаарында эки кишини атып кетишкен. Милиция соңку маалыматында киши колдуу болгондордун бири уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттосунда тургандыгын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Өзгөн районунда эки адамды атып өлтүрдү деп шектүүлөрдүн кылмыш учурунда колдонгон ок атуучу куралы менен автоунаасы табылды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев кабарлады.
1 / 5
Өзгөн районунда эки адамды атып өлтүрдү деп шектүүлөрдүн кылмыш учурунда колдонгон ок атуучу куралы менен автоунаасы табылды
2 / 5
Эске сала кетсек, бүгүн түнү Өзгөн райондук ооруканасына ок тийген эки жаран түшүп, экөө тең эсине келбей каза табышкан
3 / 5
Милиция алар дагы башка эки киши менен унаада отурганда башка машинадагылар келип аткылап кеткендигин айткан
4 / 5
Аталган окуя боюнча КР Жазык кодексинин 130-беренесине ("Киши өлтүрүү") ылайык сотко чейинки өндүрүш ачылып, тергөө иштери башталды
5 / 5
Бүгүн ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында Өзгөндүн Дөӊ-Булак айыл аймагына караштуу Жөө-Алма участкасынын эгин талаасына кеткен жолдо шектүүлөрдүн кылмыш учурунда колдонгон көк түстөгү Honda Fit үлгүсүндөгү автоунаасы, Түркияда чыгарылган Kral Arms үлгүсүндөгү аӊчылык курал табылган
Эске сала кетсек, бүгүн түнү Өзгөн райондук ооруканасына ок тийген эки жаран түшүп, экөө тең эсине келбей каза табышкан. Милиция алар дагы башка эки киши менен унаада отурганда башка машинадагылар келип аткылап кеткендигин айткан. Аталган окуя боюнча КР Жазык кодексинин 130-беренесине ("Киши өлтүрүү") ылайык сотко чейинки өндүрүш ачылып, тергөө иштери башталды.
Бүгүн таңда Кара-Сууда үй ээсин өлтүрүп, сейфин алып кетишти. Эки шектүүнүн сүрөтү
Бүгүн ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында Өзгөндүн Дөӊ-Булак айыл аймагына караштуу Жөө-Алма участкасынын эгин талаасына кеткен жолдо шектүүлөрдүн кылмыш учурунда колдонгон көк түстөгү Honda Fit үлгүсүндөгү автоунаасы, Түркияда чыгарылган Kral Arms үлгүсүндөгү аӊчылык курал табылган. Ошондой эле эки даана 12 калибрлүү ок-дарынын атылган гильзасы жана бир даана ок алынган.
Мындан тышкары, каза болгон 31 жаштагы Өзгөн шаарынын тургуну М. Ш. былтыр февраль айынан бери уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттосунда тургандыгы белгилүү болгон.
Кылмыштын бетин ачуу максатында тергөө иштери жүрүп жатат.