Өзгөндө атылган эки киши. Кылмышка шектелип 24 жаштагы жаран кармалды

Кылмышка шектелип жаткан киши Өзгөн райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Sputnik
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Өзгөн районунда эки адамды атып өлтүрүүгө шектелгендердин бири кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.
Бүгүн таңда Кара-Сууда үй ээсин өлтүрүп, сейфин алып кетишти. Эки шектүүнүн сүрөтү
Кийинчерээк шектүүлөрдүн кылмыш учурунда колдонгон ок атуучу куралы менен автоунаасы табылган.
"Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Ош ОИИБ менен Өзгөн РИИБинин кызматкерлери ыкчам-тергөө иштерин жүргүзүп, натыйжада эки адамдын өлүмүнө шектүү катары изделип жаткандардын бирин кармады. Колго түшүрүлгөн 24 жаштагы Х. А. Өзгөн районунда туулган. Ал Өзгөн райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", — деп айтылат маалыматта.
Учурда кылмышка шектүүнүн шериктерин кармоо боюнча тийиштүү чаралар жүргүзүлүүдө.