БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Бишкек шаарында салынып жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн сапатына нааразы болуп, көчмө жыйында курулуш компания жетекчилерине бир тийди.
Белгилей кетсек, премьер-министр Улукбек Марипов "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасынын имаратында көчмө жыйын өткөрдү. Ага курулушчулар, мамлекеттик жана муниципалдык органдын өкүлдөрү катышууда.
"Көп кабаттуу үйлөрдү куруп жатканда курулушчулар да, архитекторлор дагы көңүлдү материалдык кызыкчылыкка бурушат. Мен силерге суроо берейинчи. Бишкекти эмнеге айлантып салдыңар? Тротуар жок, үйлөрдү жолдун жээгине салып жатасыңар. Түтүндөн шаарда аба айланбай, жашоого мүмкүн болбой калды. Имараттар кооз көрүнсүн деп бийик бактарды кыйып салып, жапыздарын отургузуп коюп жатасыңар. Архитектуралык көз караш менен алганда силердин имараттар кооз көрүнөт. Бирок ордо калаанын экологиялык системасы бузулуп жатпайбы... Аба таптакыр эле айланбай калды", — деди ал.
Министр кыш мезгили Бишкекте жашоо канчалык кыйын болуп калганын көрсөткөнүнө токтолду.
"Элитный" деген үйлөрдө батирлерден чыккан үндөр бири-бирине угулат. Муну ар бир тургун тастыктап берет. Унаа токтотуучу жайлар эске алынбайт. Жолду бууп салган боюнча бир мисал келтирейин. 70-мектеп жайгашкан райондо Бөкөнбаев көчөсүндө үйлөр жолго чейин чыгып кеткен. Автоунааларды койгонго жер жок, жыйынтыгында жол тыгыны жаралууда", — деди ӨКМ башчысы.
Мындан сырткары, министр Бишкектеги имараттарды окшош кылып салууну сунуштады.