Премьер Марипов "Бишкек башкы архитектурада" жыйын өткөрүүдө. Видео
10:00, 19 Жалган Куран 2021
"Бишкек башкы архитектуранын" имаратында премьер-министр Улукбек Мариповдун катышуусу менен көчмө жыйын өтүүдө. Кандай маселелер карала турганы азырынча белгисиз.
"Бишкек башкы архитектура" — муниципалдык ишкана болуп эсептелет. Негизинен ал Бишкектин башкы планын ишке ашырууну көзөмөлдөйт. Ошондой эле ишкана имараттарды курууга, реконструкциялоого да уруксат берет.