Кыргызстанга Кытайдан коронавируска каршы 150 миң доза вакцина алып келинди

Буга чейин кытай вакцинасынын партиясы жакын арада келерин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Кыргызстанга коронавируска каршы 150 миң доза Sinopharm аттуу кытай вакцинасы алып келинди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине ишенимдүү булактар кабарлады.
Кытай вакцинасынын партиясы жакын арада алып келинерин буга чейин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирген. Анын айтымында, алып келинген вакцина 75 миң адамга жетет.
Sinopharm ("Синофарм") — Кытайда биринчилерден болуп жактырылган коронавируска каршы вакцина. Азыркы тапта аны коңшу мамлекет кеңири колдонууда.