Өткөн аптада премьер-министр Улукбек Марипов Бишкек штамп заводуна барды. Өкмөт башчы Кыргызстан үчүн коргоо-өнөр жай ишканаларынын маанилүүлүгүн билдирип, заводду кайра калыптандыруу боюнча иштерди күчөтүү керектигин белгиледи.
Sputnik Кыргызстан республиканын машина куруу, мунайды кайра иштетүү жана курулуш тармагында иштеген ири заводдорун тизмектеп чыкты. Материалда Энергетика жана өнөр жай министрлигинин, ошондой эле ишканалардын сайтындагы маалыматтар пайдаланылды.
"Майлуу-Суу лампа заводу" жоопкерчилиги чектелген коому
Имараттар, шамчырак, муздаткыч, тигүүчү машина, автомобиль, түнкү жарнама, иллюминациялар үчүн электр лампаларынын 40тан ашуун түрүн чыгарган Борбор Азиядагы ири завод.
Ишкананын курулушу 1966-жылы башталып, бир нече жылдан кийин завод жылына 300 миллиондон ашуун электр лампасын чыгарган. 2009-жылы банкрот болгон соң, завод башынан оор мезгилди кечирген. Азыр мында 1,5 миңдин тегерегинде киши иштейт.
"Дастан" транс улуттук корпорация" ачык акционердик коому
Ишкана 1956-жылы Фрунзе физикалык шаймандар заводу болуп ачылган. Совет убагында ал СССРдин аскердик-деңиз флотуна жана экспортко жабдык жана торпедаларды сериялык түрдө өндүргөн. Бүгүн заводдо аскердик-деңиз жабдыктарын, электрондук шайман, медициналык центрифугаларды, керектөөчү товарларын (анын ичинде электрдик чарбалык жана жылытуучу жабдыктарды), ошондой эле өнөр жай жана техникалык багыттагы башка товарларды иштеп чыгып, өндүрүп келет.
"Кыргыз унаа курулуш" жоопкерчилиги чектелген коому
Заводдун курулушу 2018-жылы башталган. Бул көп профилдүү заманбап ишкана энергетикалык жана машина куруучу жабдыктарды, анын ичинде тез жардам машиналарын, жасалма дем алдыруучу аппараттарды, трансформатор, "акылдуу" эсептегичтерди, лифттерди, гидротурбиналарды жана башкаларды чыгарат.
"Бишкек машина куруучу заводу" (мурдагы В.И. Ленин атындагы завод) акционердик коому
1795-жылдын ноябрында император Екатерина IIнин жарлыгы менен Луганскта куюучу-замбиректик завод негизделет. 1895-жылы ал винтовкалык патрон өндүрүүчү катары кайра түзүлүп жабдылган.
Улуу Ата Мекендик согуштун башында ишкананы Фрунзеге көчүрүшкөн. Бүгүн "Бишкек машина куруучу заводу" негизинен бир жолку буюртмаларды аткарып, ар кандай тетиктерди жана металл конструкцияларды чыгарат.
"Бишкек штамп заводу" мамлекеттик ишканасы
1997-жылы В.И.Ленин атындагы Фрунзе станок жасоочу (куруучу) заводу акционердик коомго айланган. Кийин анын курамынан "Бишкек штамп заводу" мамлекеттик ишканасын бөлүшкөн.
"Бишкек штамп заводу" мамлекеттик ишканасы
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Бүгүнкү күндө мында 500 киши иштейт, ишкана аскердик жана спорттук-мергенчилик багыттагы товарларды чыгарат.
"Автомаш–радиатор" жоопкерчилиги чектелген коому
2000-жылы "Кыргызавтомаш" АК активдеринин базасында түзүлгөн. "Композит Групп" деп аталган россиялык холдингдин курамына кирет.
Мында Беларусь жана Россиянын автомобилдик, айыл чарбалык жана атайын техникаларды чыгаруучу алдыңкы ишканаларын алюминий радиаторлор менен камсыздайт.
"Автомаш–радиатор" да "Беларусь" Минск трактор заводунун тракторлорун, "Енисей" жана "Палессе" комбайндарын куроо менен алектенет.
"Автокуроочу завод" ачык акционердик коому
Ишкана 1966-жылы негизделип, 1992-жылга чейин мамлекетке таандык болгон. Миңден ашуун киши эмгектенген. Заводдо трактор, жеңил автомобиль, таштанды чыгаруучу жана бир жолку буюртмалар үчүн чиркегичтерди чыгарышат.
"Ореми-Тяжэлектромаш" жоопкерчилиги чектелген коому
Завод СССРдеги электрдик техникалык өндүрүмдөрдү чыгаруучу ири фрунзелик "Тяжэлектромаш" ишканасынын базасында түзүлгөн.
2014-жылы ишкана трансформатор, электрогенератор, электр тогун токтотуучу калакча (рубильник), ажыраткычтарды, электр кыймылдаткыч жана электр машиналарын ремонттоо иштерин кайра жандандырган.
Негизги буюртмачылар жеке жактар, айыл өкмөттөрү жана "Түндүк электр" ААК болуп саналат. Заводдо 50 чакты киши мээнеттенет.
"Кызыл-Кыя машина куруучу заводу" акционердик коому
Баткен облусунда жайгашкан ишкана терезе, каалга, форточка илмеги жана тээги, гипс, жасалгалоочу иштер үчүн кургак аралашмалар, кафель клейин өндүрөт. Ошондой эле стандарттан тыш жабдыкты даярдоого бир жолку буюртмаларды аткарат. Заводдо 50гө жакын киши иштейт.
"Айнур" заводу" ачык акционердик коому
Завод 1969-жылы "Ала Тоо" илимий-өндүрүштүк бирикмесинин курамына кирген. 1993-жылы ишкана акционердик коом болуп түзүлгөн. Ал эми 2004-жылы ал россиялык "СКПРОМ" ачык акционердик коомуна кирген.
Мында электр жабдуулары, трансформатор, электрдик тиричилик буюмдарын (жылыткыч, электроконвекторлору, розетка, өчүрүп-жандыруучу жабдык, вилка, адаптер, үч бөлүктүү сайгычтар жана башкаларды) өндүрөт.
"Интергласс" жоопкерчилиги чектелген коому
Токмок такта айнек заводу 1972-жылы иштей баштаган. 2000-жылы өндүрүш масштабдуу реконструкцияланып, заманбапташтырылган. Бул дүйнөлүк стандарттагы сапаттуу өндүрүмдү чыгарууга мүмкүндүк берген.
"Интергласс" республиканын экспортко ылайыкталган ишканалардын катарына кирет. Миңден ашуун киши эмгектенет.
"Кант цемент заводу" жоопкерчилиги чектелген коому
Кант цемент-шифер комбинаты 1964-жылы ишке кирген. 2005-жылы ишкананы United Cement Group холдинги алган. Завод цементтин ар кыл үлгүлөрүн чыгарууга адистешкен. Миңден ашуун киши иштейт.
"Кант түтүк-шифердик өндүрүш" жоопкерчилиги чектелген коому
Өлкөдөгү шифер, сайдинг, түтүк, фиброцементтик такта, черепица чыгаруучу заманбап жабдылган ишканалардын бири. Бүгүнкү күндө заводдун жумушчуларынын саны 300гө чукул.
"Түштүк-кыргыз цемент" жабык акционердик коому
Кызыл-Кыяда жайгашкан "кургак" ыкмада цемент чыгаруучу заманбап ишкана. 2010-жылы Italcementi холдинги менен өнөктөштүктө завод (цемент өндүрүү боюнча дүйнөдө бешинчи саптагы) жогорку технологиялык линияны жолго салган.
Түштүк-кыргыз цемент" жабык акционердик коому
© Фото / пресс-служба ЗАО "Южно-Кыргызский Цемент"
Ишканада 700 киши эмгектенип, жыл сайын миллион тоннага жакын цемент чыгарат.
"Жунда" China Petrol Company
Кыргызстандын мунайды кайра иштетүүчү тармагындагы алдыңкы ишканалардын бири. Кара-Балтада 73 гектарлык өнөр жай зонасында жайгашкан. Өндүрүлгөн продукциянын негизги түрлөрү: бензин, дизель, майдын түрү, суюлтулган газ. Мунайды кайра иштетүүчү заводдун кубаттуулугу жылына 800 тонна даяр өндүрүмдү түзөт. Пандемиядан улам заводдун иши убактылуу токтотулган. Энергетика жана өнөр жай министрлигиндегилер кытайлык адистер келген соң жайга жакын заводдун иши кайра жанданат деген ойдо.
Компания K4 жана K5 экологиялык класстагы майларды, ошондой эле полипропилен өндүрүштү заманбапташтырууну пландайт.
"Токмок ишкердик мунайды кайра иштетүүчү завод" жоопкерчилиги чектелген коому
2015-жылы Токмокто кытайлык инвестицияларды тартуу менен ачылган. Бүгүнкү күндө ишкана пандемия жана сырьенун жоктугунан туруп калды. Профилдик министрлик мунайды жана мунай өндүрүмдөрүн пошлинасыз алып келүү жөнүндө маселени чечүү үчүн Россия жана Казакстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
"Кыргыз Петролеум Компани" жабык акционердик коому
Республикадагы мунай жана газ алуучу жападан жалгыз компания – "Кыргызнефтегаз" АК аталган ишкананын жүз пайыздык негиздөөчүсү болуп саналат. Завод Жалал-Абад облусунда жайгашкан. Анын өндүрүштүк кубаттуулугу 500 миң тоннаны түзөт, бирок толук кубаттуулукта иштебейт. Мында бензин, дизель жана мазут чыгат.
SvRithLTD жоопкерчилиги чектелген коому
Таш-Көмүрдөгү мунайды кайра иштетүүчү завод. Керектөөсү – жылына 100 миң тонна сырьего барабар. Бирок ушул тапта ишкана 40 пайызга жетпеген гана иш менен камсыздалган. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, жергиликтүү заводдор үчүн сырьенун жетишсиздиги Кыргызстандан мунай өндүрүмдөрүн экспорттоого тыюу салууга себептердин бири болгон.
"Кемин мунайды кайра иштетүүчү завод" ЖЧКсы
Завод Кемин районунда жайгашкан. Туруктуу иштеп турганда өлкөнүн рыногун жогорку сапаттагы бензин жана башка мунай өндүрүмдөрү менен камсыздай алат. Бүгүн ишкананын иш менен камсыздалышы 40 пайызга жетпейт. Өндүрүштүк кубаттуулугу — 100 миң тонна.
"Кыргызалтын" аффинаждык заводу
1992-жылы "Кара-Балта тоо-кен комбинаты" АК республикада казылган алтын жана күмүштүн баары аффинаждалчу (металлдарды кошундулардан тазалоо) завод курган. Заводдун азыркы өндүрүштүк кубаттуулугу — жылына 40 тонна алтын.