Кыргызстанда аялдар эркектерге караганда 8 жылга узак жашайт. Статистика

Негизи эркектер көбүрөөк төрөлөт, тагыраак айтканда, 100 кызга 105 уул туура келет. Бирок 80 жашка жеткенде эки эсе азаят.
Sputnik
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Кыргызстанда аялдар эркектерге караганда сегиз жылга узак жашайт. Бул туурасында Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, 2020-жылдын башындагы статистика боюнча өлкөдө калктын саны 6,5 миллионду түзөт. Анын 3,3 миллиону аялдар, 3,2 миллиону эркектер.
Кыргызстандык кыздардын көбү канча жашында турмушка чыгат. Статистика
Негизи эркектер көбүрөөк төрөлөт, тагыраак айтканда, 100 кызга 105 уул туура келет. Бирок 40 жаштагыларды эсептегенде сан жагынан аялдар үстөмдүк кылат. Ал эми 80 жашка жеткенде эки эсе көп болуп, 100 аялга 55 эркек киши туура келет. 2019-жылы аялдардын жашоо узактыгы орочто 76, эркектердики 68 жаш куракты көрсөткөн.
Ошондой эле Кыргызстанда орто эсеп менен аялдар үч жана андан көп, айылдарда төрт жана андан көп баланы жарыкка алып келери белгилүү болду.