БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги Өзбекстанга бир катар долбоорлорду сунуштады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
"Эки өлкөнүн ортосундагы өнөр жай кооперациясы жаатындагы "Жол картасынын" алкагында кыргыз тарап тогуз долбоор сунуштады", — деп айтылат билдирүүдө.
Тизмеге багбанчылык, балык чарбасы, өндүрүш, этти жана жүгөрүнү кайра иштетүү, соода-логистикалык борбор куруу боюнча долбоорлор киргизилген.
Ошондой эле "Жол картасынын" алкагында эки өлкөнүн тармактык министрликтери тарабынан тамеки, мөмө-жемиш өндүрүшү, мал чарбачылыгы, багбанчылык, бал аарычылык тармагындагы кластердик мамиле боюнча беш долбоордук концепция кароого киргизилген.
"Өзбек тарапка сунушталган долбоорлор макулдашуулардан кийин Кыргыз-өзбек инвестициялык фондунун талаптарына жараша кайрадан таризделет. Учурда аталган фонд тарабынан каржылоо механизмдери жана шарттары такталып жатат", — деп айтышты өкмөттөн.
Эске салсак, президент Садыр Жапаров 11-12-март күндөрү Өзбекстанга мамлекеттик иш сапары менен барып келген. Анда айыл чарба жаатындагы кызматташтык боюнча "Жол картасына" кол коюлган.