Минскиден Бишкек менен Ошко түз авиакаттам ачылышы күтүлүүдө

Кыргызстандын Беларустагы элчиси Бишкек – Минск – Бишкек жана Ош – Минск – Ош маршруттары боюнча аба каттамын Avia Traffic Company компаниясы аткарышы пландалып жатканын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Кыргызстан менен Беларустун ортосунда түз аба каттамы ачылышы күтүлүүдө. Бул тууралуу Беларустун транспорт жана коммуникация министрлигинин сайтында жазылган.
Билдирмеге караганда, 18-март күнү Беларустун авиация департаментинин жетекчиси Артем Сикорский менен Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрмек Ибрагимов жолугушкан.
Тамчыга Россиянын эки шаарынан жаңы авиакаттамдар ачылат
Тараптар эки өлкөнүн ортосунда түз аба каттамын уюштуруу маселесин талкуулашкан.
Ибрагимов Бишкек – Минск – Бишкек жана Ош – Минск – Ош маршруттары боюнча аба каттамын Avia Traffic Company компаниясы аткарышы пландалып жатканын белгилеген.
Тараптар авиакаттамдын ачылышына эки өлкө тең кызыкдар экенин билдирип, бул жааттагы актуалдуу маселелерди талкуулашкан.