Садыр Жапаров Ирактан кайтарылган балдардан кабар алды. Сүрөт

Бөбөктөр "Мээрим" гуманитардык миссиясынын алкагында Чүй облусунун балдар борборлорунун бирине жеткирилген. Алардын арасында 2 жаштан 18 жашка чейинки 38 эркек, 41 кыз бала бар.
Sputnik
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Ирактан кайтарылган балдардын жашоо шарты менен таанышып, аларга кандай жардам көрсөтүлүп жатканын көрүп келди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, 16-мартта Ирак Республикасындагы кыргызстандык 79 бала Бишкекке кайтарылган.
1 / 7
Мамлекет башчы Садыр Жапаров Ирактан кайтарылган балдардын жашоо шарты менен таанышып, аларга кандай жардам көрсөтүлүп жатканын көрүп келди
2 / 7
Эске салсак, 16-мартта Ирак Республикасындагы кыргызстандык 79 бала Бишкекке кайтарылган
3 / 7
Бөбөктөр "Мээрим" гуманитардык миссиясынын алкагында Чүй облусунун балдар борборлорунун бирине жеткирилген
4 / 7
Алардын арасында 2 жаштан 18 жашка чейинки 38 эркек, 41 кыз бала бар
5 / 7
Маалым болгондой, борбордо балдарга бардык шарт түзүлүп, төрт маал тамак берилип турат
6 / 7
Ички иштер министрлигинин кызматкерлери күнү-түнү коопсуздугун камсыз кылып жатканы айтылды
7 / 7
Мекеменин тарбиячылары менен баарлашып жатып президент балдарга ар тараптуу жардам көрсөтүүнүн маанисин белгилеген.
Бөбөктөр "Мээрим" гуманитардык миссиясынын алкагында Чүй облусунун балдар борборлорунун бирине жеткирилген. Алардын арасында 2 жаштан 18 жашка чейинки 38 эркек, 41 кыз бала бар.
Маалым болгондой, борбордо балдарга бардык шарт түзүлүп, төрт маал тамак берилип турат. Ички иштер министрлигинин кызматкерлери күнү-түнү коопсуздугун камсыз кылып жатканы айтылды.
"Тийиштүү адистер аларды кийинчерээк туугандарына өткөрүп берүү үчүн иш алып барышат. Учурда бөбөктөр коопсуз жашоого кайтуу үчүн реабилитациялоо курсунан өтүшүүдө", — деп жазылат маалыматта.
UNICEF ЖМКларды Ирактан алып келинген балдардын жеке жашоосун сыйлоого чакырды
Мекеменин тарбиячылары менен баарлашып жатып президент балдарга ар тараптуу жардам көрсөтүүнүн маанисин белгилеген. Жапаров тийиштүү органдарга ар бир бөбөк үчүн балдарды коргоонун жеке планын түзүү жана бала, үй-бүлөлөрдү социалдык жактан колдоо иштерин күчөтүүгө бурду. Мындан сырткары, президент бардык кепилденген мамлекеттик кызматтарды ар тараптуу жардам көрсөтүү зарылдыгына токтолду.