Жоокерлердин кургак учукка кабылышын Аскер прокуратурасы иликтей баштады

Аскерлердин оору жугузуп алышы боюнча Жазык кодексинин шалаакылык беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталып, ар тараптуу текшерүү жүрүп жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Башкы прокуратура Кыргызстандын Абадан коргонуу күчтөрүндө кызмат кылган жоокерлердин кургак учук оорусун жугузуп алганын иликтеп баштады. Бул тууралуу башкы көзөмөл органы билдирди.
"16-мартта Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы тарабынан аскер бөлүктөрүнүн биринде 12 жоокер кургак учук оорусу менен ооруп, Бишкек шаарынын Кургак учукка каршы күрөшүү борборуна жаткырылган фактысы боюнча Жазык кодексинин шалаакылык беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды", — деп жазылат маалыматта.
Бул иштин алкагында тийиштүү соттук-комиссиондук экспертизалар дайындалып, Аскер прокуратурасы тарабынан ар тараптуу текшерүү иштери улантылып жатканы айтылды.
Буга чейин Коргоо министрлиги Абадан коргонуу күчтөрүндө кызмат өтөп жаткан 11 аскер кургак учук жугузуп алганын билдирген.