БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына караштуу Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркында одоно мыйзам бузуу аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Мыйзамсыз иш-аракеттердин натыйжасында мамлекетке 3,7 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.
Бул факт боюнча Жазык кодексинин 205-беренесинин 3-бөлүмү ("Ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу") менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүргүзүлүп жатканы айтылды.