Абылгазиев менен Сегизбаевдин камактагы мөөнөтү эки айга узартылды

Мурдагы аткаминерлер январь айынын аягында УКМК тарабынан кармалышкан. Бири мыйзамсыз баюуга, экинчиси кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланууга шектелип жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди тергөө абагында кармоо мөөнөтү дагы эки айга узартылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук соту билдирди.
Райондук соттун 19-марттагы чечими менен Абылгазиев 25-майга чейин камакта калтырылды.
Райым Матраимов эки айга камакка алынды
Ушул эле күнү Биринчи май райондук сотунда УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин баш коргоо чарасы каралып, анын дагы камактагы мөөнөтү 26-майга чейин узартылды.
Мухаммедкалый Абылгазиев 26-январь күнү мыйзамсыз баюу фактысы боюнча кармалган.
Ал эми кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланууга шектелген Абдил Сегизбаев 25-январда кармалган.