Бишкекте Абхазиянын номери тагылган автоунаалар кармалууда

Бажы кызматынан Абхазиянын мамлекеттик номери менен жүргөн автоунааларды издөө боюнча рейд эми өлкө аймагы боюнча улантыларын кошумчалашты.
Sputnik
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Учурда рейд жүрүп жатат, Абхазиянын мамлекеттик номери тагылган автоунаалардын бардыгы айып короого киргизилет. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.
Рейд учурунда бажычылар Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын инспекторлору менен биргеликте аталган номерлерди тагып жүргөн 10 автоунааны кармаган.
Казакстан Кыргызстанга тик учак жана башка техника сатууну көздөп жатат
Алар "Бажы инфраструктурасы" мамлекеттик ишканасынын аймагындагы бажы көзөмөлү зонасына жеткирилди.
Кызматтан түшүндүрүшкөндөй, автоунаалардын айып короого коюлушуна ЕАЭБдин аймагынан транспортту убактылуу киргизүү шарттарынын бузулушу себеп болгон. Демек, экономикалык биримдиктин бажы мыйзамдары бузулган.
Бажы кызматынан Абхазиянын мамлекеттик номери менен жүргөн автоунааларды издөө боюнча рейд эми өлкө аймагы боюнча улантыларын кошумчалашты.