БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Жума күнү күндүз республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 14 метрге чейин жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Абанын температурасы Чүй облусунда +17…+22, Таласта +16…+21, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +18…+23, Ысык-Көл өрөөнүндө +4…+9, Нарында +2…+7 градус жылуу болот.
Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын болбойт. Күндүн табы борбордо +19…+21, Ошто +20…+22 градусту көрсөтөт.