БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Апрелден тарта май айына чейин Кыргызстанга 150 миң тонна буудай алып келинет. Бул тууралуу брифингде айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.
Анын айтымында, Россия тарап менен 150 тонна буудай алуу туурасында келишим бар.
"Апрелден тарта ташып келүү иштери башталат, ал учурда баа арзандайт. Апрель-майда буудайды биздин ун комбинаттары ташып келет", — деди министр.
Жаныбеков Кыргызстанда ун менен дан эгиндери жана алардын баалары боюнча көйгөй жаралбайт деп ишенимдүү айтты.
Министр өлкөдө өсүмдүк майы, кумшекер жана буудай менен камсыздоодо көйгөй бар экендигин билдирди. Өлкө жылына 300 миң тонна буудай жана 90 миң тонна ун сатып алат.