БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Мамлекеттик материалдык резервдер фонду өсүмдүк майы менен кантты арзаныраак баада сатат. Бул тууралуу айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков брифинг учурунда билдирди.
Министрдин айтымында, Кыргызстанда бул товарлардын кымбаттап жатышына өндүрүүчү өлкөлөрдө баалардын көтөрүлүшү себеп болууда.
"Интервенция кылыш үчүн каражат бөлүнгөн. Эми өсүмдүк майы менен кант азыркыдан бир аз арзаныраак сатыла баштайт. Бул аракеттер элге бир аз да болсо жардам берет деген үмүттөбүз", — деди Жаныбеков.
Буга чейин премьер-министр Улукбек Марипов социалдык жактан маанилүү азык-түлүктөрдүн катарына кирген кумшекер менен өсүмдүк майынын баасын арзандатуу үчүн мамлекеттен ири суммадагы каражат бөлүнгөнүн айткан эле.