Медресе окуучуларынын жаран катары калыптануусу кандай болууда. Изилдөө

Изилдөө баш-аягы 55 медресени камтып, медреселердин жетекчилиги жана мугалимдеринен интервью алынып, окуучулар арасында сурамжылоо жүргүзүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Бишкек шаарында "Кыргызстандагы медресе окуучуларынын жарандык иденттүүлүгүнүн калыптануусунда диний билим берүү мекемелеринин ролу" аталышындагы изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча иш-чара өтүүдө. Бул туурасында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалымат кызматынан кабарлашты.
1 / 3
Бишкек шаарында "Кыргызстандагы медресе окуучуларынын жарандык иденттүүлүгүнүн калыптануусунда диний билим берүү мекемелеринин ролу" аталышындагы изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча иш-чара өтүүдө
2 / 3
Сурамжылоо республикалык масштабда жүргүзүлүп, жети облуста, Бишкек, Ош шаарларында өткөрүлгөн
3 / 3
Баш-аягы 55 медресени камтып, медреселердин жетекчилиги жана мугалимдеринен 72 эксперттик интервью алынган
"Изилдөөнүн негизги максаты, биринчиден, медреселердин студенттерин Кыргыз Республикасынын жарандары катары өзүн-өзү таануусун талдоо. Экинчиден, алардын тарбиялануучуларынын жарандык иденттүүлүгүн калыптандыруудагы медреселердин ролун изилдөө", — деп айтылат маалыматта.
Сурамжылоо республикалык масштабда жүргүзүлүп, жети облуста, Бишкек, Ош шаарларында өткөрүлгөн. Баш-аягы 55 медресени камтып, медреселердин жетекчилиги жана мугалимдеринен 72 эксперттик интервью алынган. Мындан тышкары, окуучулар арасында 751 сурамжылоо жүргүзүлүп, медреселердин инфраструктурасы боюнча 61 байкоо карточкасы толтурулган.
Муфтий болууга 8 киши камынып жатат. Тизме
"Изилдөөнүн жыйынтыгы диний билим берүүнү стандартташтырууда, медресе окуучуларынын коомго социалдык интеграцияланышына жана экстремисттик идеологиянын алдын алуу менен байланышкан социалдык-инклюзивдик, гендердик сезимталдык, адам укуктары жаатындагы саясатты жана программаларды иштеп чыгуу үчүн колдонулат", — деп билдиришти аталган комиссиядан.
Изилдөө долбоору Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына караштуу Диний кырдаалды изилдөө борбору БУУнун Аялдар түзүмүнүн өнөктөштүгүндө жүзөгө ашырылган.