Кыргызстанга COVID-19 жаңы келгенде вирустун мындан аркы таралышы боюнча математикалык моделдөө жүргүзүп, 2-3 түрдүү божомолдорду бергенбиз. Анын биринде өлкөдө аталган вирус менен 60 миңден ашык адам ооруп айыгат деп айтылган. Ал кезде мындай илимий божомолго бийлик ишенген эмес. Бул тууралуу Зуридин Нурматов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, коронавируска чалдыккандардын саны боюнча учурда Кыргызстан Кытай менен катарлаш болуп калды.
"Коронавирус дүйнөнү каптап баштаганда биздин илимий борбор да өзүнүн бул багыттагы иштерин жүргүзгөн. Анда 2-3 түрдүү божомолдор жасалган. Аларга ылайык, өлкөдө ооругандардын саны 60 миңден ашмак. Бирок ошол кезде мындай сандарга эч ким ишенген эмес, жалпы коомчулукка да бул божомолду берүүдөн баш тартышкан. Бирок бүгүнкү күндө өлкөдө вируска чалдыккандардын саны 87 миңден ашып отурат. ДССУнун маалыматы боюнча, Кыргызстан менен Кытай коронавирус жуктургандардын саны жагынан 83, 84-орунда болуп, катарлаш келе жатат. Албетте, жалпы калктын саны менен алганда бул абдан көп. Ошентсе да бул көрүнүш өлкөдө мындан ары вирус жугуу коркунучу азайды дегенди билдирбейт. Адамдар бир нерсени жакшы түшүнүшү керек. Канчалык медицина күчтүү болсо да, жарандар өздөрү жоопкерчилик алып, кыймыл-аракеттерине чектөө койбосо вирустун тараганы токтобойт. Муну биз ички миграцияны токтотпой, той-топурларды өткөрүп отуруп жыйынтыгын былтыр июнь айында көрдүк. Вирустун жайылышы негизинен адамдардын кыймылынан көз каранды", — деди Нурматов.
Вирусолог оорунун жайылышына эгемендүүлүк алгандан кийинки медицина тармагына жакшы көңүл бурулбай калышы да себеп болгонун кошумчалады.
Белгилей кетсек, 2020-жылдын 18-мартында алгачкы жолу өлкөдө COVID-19 вирусу катталган. Аталган вирус кичи ажылыктан келген үч кыргызстандыктан чыккан эле.