Казак жигит "Грэмми" алып, Дуа Липанын көйнөгү таң калтырып. Аземден 19 сүрөт

Sputnik

Бул жылы КМШ өлкөлөрү, өзгөчө казакстандыктар үчүн чоң жетишкендик болду. Себеби DJ Imanbek деген ат менен белгилүү болгон диджей Иманбек Зейкенов "Грэмми" сыйлыгын алды. Ал SAINt JHN аттуу рэпердин Roses деген чыгармасын ремикс түрүндө аткарып чыккандан кийин атагы дүйнөгө тараган. Тарыхта биринчи болуп казакстандык жаран Grammy Awards сыйлыгын алып жатат.

Иш-чара бул ирет "чыгармачылыктагы жаңы ийгиликтерге жана коронавирустун маданиятка тийгизген таасирине" арналган.

1 / 19
Ырчы Doja Cat Лос-Анжелесте өткөн "Грэмми" сыйлыгын тапшыруу аземинде
2 / 19
Сахнада өнөрүн тартуулап жаткан ырчы Cardi B
3 / 19
Ырчы Тейлор Свифт Folklore эмгеги үчүн "Жылдын мыкты альбому" деп аталган беделдүү сыйлыкка ээ болду
4 / 19
Иманбек Зейкеновдун (DJ Imanbek) мыкты ремикс аткаруучу болгонун уккандагы реакциясы
5 / 19
Ырчы Гарри Стайлс "Поп стилинде жалгыз аткарылган мыкты ыр" номинациясы боюнча сыйлыкка татыды
6 / 19
Бет кап тагууну эстен чыгарбаган ырчы Фиби Бриджерс жана актриса Ноа Сайрус
7 / 19
Ырчы Дуа Липа сахнадагы образы менен көрүчүлөрүн таң калтырды
8 / 19
Узун көйнөгүн кенен жайып сүрөткө түшүп жаткан костарикалык ырчы Деби Нова
9 / 19
Ырчы Микки Гайтон "Грэмми" сыйлыгын тапшыруу учурунда
10 / 19
Ырчы H.E.R. I can`t breathe чыгармасы үчүн "Жылдын мыкты ыры" номинациясын алды
11 / 19
Музыкалык продюсер жана ырчы Андерсон Пак статуэткасын колуна кармап фотосессия кылып жаткан чагы
12 / 19
Билли Айлиш Финнеас О'Коннелл менен биргеликте "Визуалдуу медиа үчүн жазылган мыкты ыр" номинациясы боюнча сыйлык алды.
13 / 19
Сыйлык тапшыруу аземинде өнөрүн тартуулап жаткан түштүккореялык BTS тобу
14 / 19
Салтанат учурунда ырчы Megan Thee Stallion да ырдады
15 / 19
Кантри-ырчы Марен Моррис жана гитарачы Жон Мэйер
16 / 19
Ырчы Doja Cat өзгөчө кийинип келген
17 / 19
Дуа Липа сахнадагы образы эле эмес, ачык көйнөгү менен дагы таң калтырды
18 / 19
Пуэрто-Рикадан келген Bad Bunny аттуу ырчынын сыйлык алгандан кийинки эмоциясы
19 / 19
Ырчылар Бейонсе менен Megan Thee Stallion сыйлык тапшыруу учурунда