Блогерлер өлкө жаратылышынын кооздугун даңазалаган челлендж баштады. Видео

Блогерлер табияттын асмандан тартылган видеолорун жүктөп, флешмобду "What is Kyrgyzstan for me?" ("Кыргызстан мен үчүн эмне?") деп аташкан.
Sputnik
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Кыргызстандык блогерлер Instagram тармагында өлкөнүн жаратылышынын кооздугун даңазалаган челлендж баштады.
Алар табияттын асмандан тартылган видеолорун жүктөп, флешмобду "What is Kyrgyzstan for me?" ("Кыргызстан мен үчүн эмне?") деп аташкан.
Кадрлардан бийик тоолорду, карагайлуу токойлорду, көл, сууларды көрүүгө болот.
Катталуучулар видеолорго көптөгөн билдирүүлөрдү калтырып, жаратылышка суктанып жатышат.