БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Бишкек шаарында Нооруз майрамы белгиленбейт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Ошондой эле башка мамлекеттерде вирустун жаңы штаммы табылып жаткандыктан Ноорузду өткөрбөй эле коюу чечими кабыл алынганы айтылат.
Мындан сырткары, курч кармаган вирустук инфекциялар менен кайрылгандар көп болуп жатканы кошумчаланды. Буга байланыштуу райондук акимиаттардын башчыларына санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү күчөтүү тапшырылган.