Баткен жана Согд облустарынын башчылары бир пикирге келишти. Сүрөт

Эки тараптуу жолугушуунун жыйынтыгы менен тараптар облустар аралык кызматташуу боюнча 10 пункттан турган протоколго кол коюшту.
Sputnik
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Баткен облусу Тажикстандын Согд облусу менен кызматташуу боюнча протоколго кол коюлду. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди.
17-18-мартта өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев менен Тажикстандын Согд облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода жана эки облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери Тажикстандын Гулистан шаарында жолугушту.
1 / 3

Баткен облусу Тажикстандын Согд облусу менен кызматташуу боюнча протоколго кол коюлду

2 / 3

17-18-мартта өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев менен Тажикстандын Согд облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода жана эки облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери Тажикстандын Гулистан шаарында жолугушту

3 / 3
Тараптар чек аралаш аймакта акыркы убакта болгон окуяларды, эки жактан тең чек арадан мыйзамсыз өткөн жарандардын маселесин талкуулашты. Ошондой эле буга чейинки кол коюлган протоколдор менен укуктук-ченемдик документтерди аткаруу жагын белгилешти.
Тараптар чек аралаш аймакта акыркы убакта болгон окуяларды, эки жактан тең чек арадан мыйзамсыз өткөн жарандардын маселесин талкуулашты. Ошондой эле буга чейинки кол коюлган протоколдор менен укуктук-ченемдик документтерди аткаруу жагын белгилешти.
Бул жолугушууда эки облустун ортосундагы чек арага байланышкан маселелерди чечүүнү тездетүү, аймакта коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, кошуна элдердин ынтымагын бекемдөө менен чектеш аймактардын кызматташуусун жакшыртууга өзгөчө маани берилди.
Жыйынтыгында тараптар облустар аралык кызматташуу боюнча 10 пункттан турган протоколго кол коюшту:
Эки тарап мындан ары облустар аралык кызматташууну жандантуу, жаралган көйгөйлөрдү бир тууган, кошуна эл катары сүйлөшүү жолу менен чечүүгө ишеним артарын билдиришти.
Тажикстанда кармалган кыргызстандыктар мекенине кайтарылды
Жолугушууда пандемияга байланыштуу чек аралардын жабылышы жергиликтүү элдин турмушуна кыйынчылыктарды жаратканы белгиленди. Мындан улам конкреттүү кадамдарга баруу керектиги боюнча орток пикирге келишти. Облус башчылары пандемия шартында жашоого, кызматташууга үйрөнүү учурдун талабы экенин белгилешти. Мындан улам Лейлек районундагы "Кулунду", "Кайрагач", Баткен районундагы "Кызыл-Бел" көзөмөл-өткөрүү жайларын ачуу, жандантуу, жогорку бийлик органдарына сунуш берүү жагы макулдашылды.
Ошол эле учурда чек аралаш аймакта аткезчилик аракеттери күч түзүмдөрү тарабынан дыкат көзөмөлгө алынары, мыйзамсыз иштерге катуу чара көрүлөрү айтылды.