БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Жылда ушул маалда курч респиратордук вирустук инфекциялар күч алып, чоңдор менен катар эле балдар дагы ооруйт. Бирок кичинекейлер арасында оору күч алды деп айтууга болбойт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун башкы дарыгери Гүлнара Шакирова билдирди.
Анын айтымында, учурда ноокастаган бөбөктөрдү эки оорукана кабыл алып жатат.
"Мындай көрүнүш коронавируска чейин деле жылда ушул маалда байкалчу. Болгону быйыл коронавирустан улам жугуштуу илдеттер ооруканасы бөбөктөрдү кабыл албай калгандыктан, элге ушундай сезилип жатышы ыктымал. Азыр вирустук ооруга кабылгандар үчүн №3 балдар клиникалык ооруканасында 20 орун, биздин борбордо 106 орун даярдалган. Жугуштуу илдеттер ооруканасы жабык болгондуктан, эки жакта тең орундар толуп калган. Мектеп, бала бакчалар ачылгандыктан, ооругандар көбөйүп жатат деген туура эмес", — деди Шакирова.
Ал сасык тумоо, жөтөлдөн дарыланып жаткан балдардын 70 пайызы бир жашка чейинки эмчектеги ымыркайлар экенин белгиледи. Дарыгер ата-энелерге да кайрылып, баланы өз алдынча дарылабоого чакырды.
"Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда атайын кабинеттер ачылган. Алар дем алыш күндөрү да иштешет. Ата-энелер, эч убакта балдарды үйдөн, өз алдынча дарылабагыла! Айрымдар дарыкана жазып берген препараттарды колдонуп, натыйжада бөбөктөр ооруканага түшүп калууда. Ошол себептен кандай учур болбосун бала ооруп калса, дарыгерге көрсөтүп, ошого жараша дары-дармек жаздыруу керек", — деди башкы дарыгер.
Шакирова ата-энелерди санитардык норманы сактоого да чакырды. Себеби балага вирус биринчи кезекте ата-энеден жугат.