Радио

Дүйшөнкулова: адам күн сайын 400 граммдай жашылча-жемиш жеши керек

Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун дарыгери Марина Дүйшөнкулова адамдар кышы бою витамини аз тамак жегендиктен жазында организмде гиповитаминоз байкаларын айтты.
Sputnik
Беттин шишиши, көздүн алдындагы кара так, чач түшүп, тырмактын морт болушу, кубаруу, колу-буттун уктап калышы жана денеде пайда болгон көгала тактар организмде витаминдин жетишсиздигинин белгиси. Ошондой эле бет түлөп же безеткилердин чыгышы да витамин жетпегенден болот. Бул тууралуу Марина Дүйшөнкулова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, организмде витаминдердин жетишсиздигин туура тамактануу менен алдын алса болот.
"Авитаминоз, гиповитаминоз жана гипервитаминоз — бул үч башка түшүнүк. Авитаминоз организмде витаминдин таптакыр жоктугу. Бул көрүнүш өнөкөт оорусу бар адамдарда болот. Гиповитаминоз болсо организмде белгилүү бир витаминдердин жарым-жартылай жетишсиздиги. Ал көбүнчө жаз мезгилинде байкалат. Ал эми гипервитаминоз адамдын организминде витаминдин ашыкча болушу. Мындай абал физиологиялык процесстердин бузулушуна алып келет. Гипервитаминоз көбүнчө дары-дармек витаминдерин жана минералдык комплекстерин ченемсиз пайдалануудан улам жаралат. Ал эми витаминдерди эң биринчи кезекте тамактануудан алабыз. Андыктан азык-түлүктү курамын, сактоо шартын, сапатын карап алган оң. Мөмө-жемиштердин өң-түсүнө жараша түрдүү витаминдер болгондуктан аралаштырып алып жеген жакшы. Андан тышкары, тамакты даярдоодо кууругандан көрө бууга же сууга бышырып жеген пайдалуураак. Адам күн сайын 400 граммдан кем эмес жашылча-жемиш жеп, салмагынын бир килограммына 30 миллилитр суу ичиши керек", — деди Дүйшөнкулова.
Дарыгер азык-түлүктү кууруганда витамини жоголуп, май күйүп кетсе токсин чыгып, трансмайлар организмде жаман холестеринди пайда кыларын кошумчалады.