БИШКЕК, 18 мар — Sputnik. Newsweek бул маалыматты жазып, видеосун да чыгарган.
Америкалык Эрика Томпсон кезектеги иш күнүндөгү бир учурун TikТok социалдык тармагында видеого тартып, миллиондогон адамдардын таңгалуусун жараткан.
Кыздын жылаңач колу менен менен бети-башын торчо менен коргобостон аарыларды алаканына салып жаңы уюкка көчүрүп жатканын көрүүгө болот.
Ал кийинчерээк аарыларга байланыштуу окуянын чоо-жайын айтып берген.
Сарайдан аарынын уюгун көргөн үй-бүлө андан арылуунун жолун издеп, жардам сураган. Кыз уюктан эне аарыны алып жөнөгөндө, артынан башкалар ээрчип, ага кайрылгандардын жаны жай алган.
Томпсон жарыялаган бул видеосун абдан көп киши көргөндүгүнө таңгалгандыгын жазды.
"Бул менин күнүмдүк ишимдин бири. Мынчалык көп адам көр-рүн жана таң калып пикир калтырарын күткөн эмесмин", — деген кыз.
Кыздын видеосуна "жакты" деген 11,5 миллион белги коюлуп, 200 миңден ашуун пикир жазылган.