"Спутник V" вакцинасын чыгарышы мүмкүн деген заводду россиялык адистер көрүштү

Министрдин орун басарынын айтымында, Сокулуктагы завод Россиянын "Спутник V" вакцинасын Кыргызстандын аймагында өндүрүүчү жайга айланшы мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Россиянын Фармацевтикалык жана медициналык өнөр жайын өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Елена Денисова менен Кыргызстандагы РФтин соода өкүлү Валерий Латыпов Сокулуктагы "Биовит" ишканасын көрүп чыгышты. Бул тууралуу КРдин Энергетика жана өнөр жай министрлигинен билдиришти.
Кыргыз тараптан иш-чарага министрдин орун басары Вероника Исаева жана ведомствонун жеңил өндүрүш бөлүмүнүн башчысы Фатима Садамкулова катышты.
Исаеванын айтымында, аталган завод Россиянын "Спутник V" вакцинасын Кыргызстандын аймагында өндүрүүчү жайга айланышы мүмкүн.
"Россия-кыргыз делегациясы фармацевтикалык продукцияларды өндүргөн ишкананы көрүп чыкты. Учурда ал жерде стерилизацияланган эритме жана ампулаларды өндүрүүчү цех курулууда”, — деди ал.
Тараптар өлкөдөгү фармацевтика тармагынын өнүгүп келе жатканын айтып, келечекте россиялык технологияларды пайдалануу мүмкүнчүлүгү бар экенин кошумчалашты.