Талапкерлердин көптүгүнөн улам "Шаардык кеңештин депутаты кандай укуктарга ээ болот жана эмне жумуштарды аткарат?" деген суроого кызыккандар көп болууда. Sputnik Кыргызстан анын жообун сунуштайт.
Материал "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" мыйзамдарга таянуу менен даярдалды.
Республикалык маанидеги Бишкек жана Ош шаарларынын тургундары 45 депутатты шайлайт. Калган шаардык кеңештерге калкынын санына жараша 21 жана 31 мандат берилген. Шайлоо пропорционалдык система (партиялык тизме) менен өтүп, аялдарга 30 пайыздык квота берилет. Кыргызстандын 21 жаштан жогорку жараны талапкер болуп катталууга укуктуу.
Шаардык кеңештин депутаттары бекер иштей турганын белгилей кетүү керек, бир гана төрагасына маяна чегерилет. Ал эми республикалык маанидеги Бишкек жана Ош шаарларында спикердин орун басарлары жана туруктуу эки комиссиянын төрагалары да айлык алат.
Негизги ыйгарым укуктары
Органдарды кандай учурда текшерте алат?
Жергиликтүү кеңеш депутаттарынын статусу жөнүндө 12-беренеде төмөнкүлөр жазылган.
Кайсы органдарга токтоосуз кирип бара алат
Депутаттык ишине байланыштуу өз аймагындагы мамлекеттик органдарга, жергиликтүү бийликке жана жарандардын бирикмелерине, менчигинин түрүнө карабастан ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга токтоосуз кирүүгө укуктуу. Аларды жетекчилер жана башка кызмат адамдары кечиктирбей кабыл алышы шарт.
Шаардын аймагында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилери депутаттык укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон материалдарды жана башка маалыматты беришет.
Бирок депутаттын иши мамлекеттик сырга же мыйзам менен корголгон башка жашыруун сырга байланышкан мекемелерге келип-кетүү тартиби ченемдик укуктук актылар менен белгиленет.
Кепилдиктери
Конституцияда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган учурлардан тышкары, жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын эч кимдин чектөөгө укугу жок.
Мамлекеттик органдар, мэрия жана жарандардын бирикмелери, ишкана, мекеме, уюмдар, алардын кызмат адамдары депутаттардын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусуна көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
Жоопкерчилиги
Шайлоочулар өз депутаттарына сунуш-талап бере алышат. Ал шайлоо округунун элинин алдында жоопкер жана аларга отчёт берип турат.
Депутат өзүнүн аймагында жайгашкан жана шаардык кеңешке отчёт бере турган мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштөөгө жол берилбейт.
Депутаттан ишинде жүрүм-турум эрежелерин, өз беделин сактоо, башка депутаттардын, кызмат адамдарынын жана жарандардын ар-намысын жана беделин сыйлоо талап кылынат. Ошондой эле тиешелүү жергиликтүү кеңешти, шайлоочуларды жана бүтүндөй мамлекетти жаманатты кылган аракеттерден, билдирүүлөрдөн жана жосундардан сактанууга тийиш.
Депутаттык мандатты жеке максаттарда пайдаланууга жол берилбейт. Депутаттык этика кодексинин талаптарын сактоого милдеттүү.