Салижан Жигитов сөздү ачуу болсо да түз, жеткире айткан. Мындай пикирин Осмонакун Ибраимов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Салижан Жигитовдун көзү өткөндөн кийин коомдогу иштер боюнча ал кишидей так жана таамай айткан адам жок.
"Салижан Жигитов кайталангыс инсан, ал адабият эле эмес, улуттук масштабдагы киши болгон. Жигитов алгач сынчы катары баштаган, аналитикасы, билими күчтүү адам эле. Адабиятчы, сынчы, саясий ишмер, ойчулдук анын таланттарынын бир гана кыры деп айтууга болот. Сынчы коомдун, мамлекеттин, улуттун кулк-мүнөз, жүрүм-туруму жөнүндө курч сөздөрдү юмор менен айткан. Ошондуктан Салижан Жигитов жөн гана адабий эмес, улут сынчысы. Азыр андай адам жок, кайталангыс инсан деген ушул. Анын айткандары коомдо, эл арасында учкул кеп болуп ооздон оозго өтүп жүрөт. Ал мындай сөздөрдү жаман көргөнүнөн эмес, улутту, мамлекетти сүйгөнүнөн улам айткан. Андай улуттук деңгээлдеги сынды ар ким эле айта албайт. Ага дарамет, аброй, билим керек, адам ошого татыктуу болушу зарыл", — деди Ибраимов.
Профессор учурда Салижан Жигитов жазган адабий сынды кайталаган адам чыга электигин кошумчалады.
Белгилей кетсек, окумуштуу, жазуучу, сынчы Салижан Жигитов 1936-жылы 17-мартта жарык дүйнөгө келген. Көзү тирүү болгондо быйыл 85 жашка толмок.