Россия элчилиги АКШнын шайлоо боюнча айыптоосуна жооп берди

CNN тараткан маалыматка караганда, Америка Россияга кезектеги санкцияларын келерки жумадан баштап салышы мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Россияны америкалык чалгын кызматынын АКШ президентинин шайлоосуна аралашты деп күнөөлөгөнү негизсиз. Бул туурасында РИА Новости Вашингтондо жайгашкан РФ элчилигинин айтканына таянып жазды.
АКШ Атлантикадагы россиялык кемелерден чочуп... НАТОнун кезектеги кадамы
Мындан тышкары, добуш берүүгө таасир эткиси келгендердин катарына Иран, "Хезболла" жана Куба кошулган. Документте Москвага каршы жаңы санкциялар туурасында кулак кагыш кылышкан.
Дипломатиялык миссиянын докладында Россия штаттарга "таасир этүү операциясын" жүргүздү деген бүтүмдөр "чалгындын туура жасалганына шек саналбаган" ишенимде айтылган.
"Бул боюнча фактылар жана конкреттүү далилдер келтирилген эмес", — деп жазылган элчиликтин Facebook баракчасындагы билдирүүсүндө.
Дипломаттар АКШнын кезектеги каралоосу эки тараптуу мамилелердин калыпка келишине мүмкүнчүлүк бербестигин жана Россияга сунушталды делген "маанилүү маселелерди чечүү үчүн тең укуктагы жана өз ара урматтоо коштогон эксперименталдык диалог" калп экендигин айтты.
Путин Байден менен телефон аркылуу сүйлөштү. Эмне тууралуу кеп болду?
АКШ президентинин маалымат катчысы Жен Псаки Россияга карата кезектеги санкциялар качан салынары боюнча мурда билдирген эмес. CNN тараткан маалыматка караганда, Ак үй мындай кадамга келерки жумада барышы мүмкүн.
АКШдагы президенттик шайлоо 2021-жылдын 3-ноябрында өттү. Анда демократ Жозеф Байден тандоочулардын 306 добушу менен жеңишке жеткен. Ал эми республикачыл Дональд Трамп аз, тагыраагы, 232 добуш алган. Ал атаандашын "добуш берүүнү уурдады" деп күнөөлөгөн. Президенттин жактоочусу Руди Джулиани мыйзам бузуулар добуш берүү учурунда системалык мүнөзгө өтүп кетти деген билдирүү жасаган.
АКШ Россияны шайлоого киришти деген маанайда биринчи жолу күнөөлөп жаткан жок. Москва андай кинелерди бир нече ирет четке каккан.