Кримтөбөл "Алтуханын" баш коргоо чарасы өзгөртүлдү

Январда Ибраимов ИИМге чакырылган. Криминалдык милициядан ага "коомдук тартипти сактоо жана мыйзамдарды бузбоо жоопкерчилиги туурасында" эскертишкен.
Sputnik
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. "Алтуха" каймана аты бар кримтөбөл Алтынбек Ибраимовдун баш коргоо чарасы эки жакка чыкпоо талабы менен өзгөртүлдү. Бул туурасында Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматынан кабарлашты.
Мындай чечим 4-мартта кабыл алынган. Буга чейин Ибраимов кармалгандан кийин үй камагында отурган.
Аны УКМК январь айында кармаган.
Учактан спецназ желкелеп алып кетти. Кримтөбөл "Чачтын" кармалган видеосу
Маалымат кызматынан "Алтуха" кылмыш дүйнөсүндө маанилүү позицияны ээлерин белгилешти. Анткен менен ага козголгон кылмыш иши тууралуу кенен маалымат берилген жок.
Буга чейин аны ИИМге чакырышып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, Криминалдык милициядан "коомдук тартипти сактоо жана мыйзамдарды бузбоо жоопкерчилиги туурасында" айтышкан. Ал тургай расмий эскертүү да берилген.