Кара чыйырчыктар калдайган канаттууга "айланганда". Кызыктуу видео

Ирландиялык фотограф Жеймс Кромби өзгөчө, адамдын оюна да келбеген, жаратылыш өзү жасап койгондой көрүнүштү тартып алган.
Sputnik
Окуя Ирландиядагы Лох-Эннел көлүндө болгон. Буларды видеого түшүрөрдөн мурда фотограф аларга бир нече күн байкоо жүргүзгөн.
Кадимки эле майда канаттуулардын программалап койгон сыңары жүздөп, топтошуп учуп, абада ири канаттуунун сөлөкөтүн жараткандыгын көрүүгө болот.
Бул нерсе балким адам колунан атайылап, чымчыктарды тизип алып жасаса да келмек эмес.