"Достук" Манас Ниязов баштаган "Ала-Тоону" жеңип алды. Сүрөт

Оштун эки командасы кечээ өткөн чүчү кулактын жыйынтыгында "В" тобуна бөлүнгөн. Бүгүн жогорку лигадагы командалардын тайпалык алгачкы оюндары өттү.
Sputnik
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Оштун "Достук" командасы көк бөрү боюнча Нооруз майрамына арналган мелдештин жогорку лигасында "Ала-Тоо" командасын 7:2 эсебинде утту. Бул тууралуу аталган спорттун улуттук федерациясы Instagram баракчасына жазды.
Оштун эки командасы кечээ өткөн чүчү кулактын жыйынтыгында "В" тобуна бөлүнгөн болчу. Бүгүн жогорку лигадагы командалардын тайпалык алгачкы оюндары өттү.
1 / 5
Оштун "Достук" командасы көк бөрү боюнча Нооруз майрамына арналган мелдештин жогорку лигасында "Ала-Тоо" командасын 7:2 эсебинде утту
2 / 5
Оштун эки командасы кечээ өткөн чүчү кулактын жыйынтыгында "В" тобуна бөлүнгөн болчу
3 / 5
Бүгүн жогорку лигадагы командалардын тайпалык алгачкы оюндары өттү
4 / 5
Оюндар Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында өтүп жатат
5 / 5
Белгилей кетсек, Нооруз майрамына карата мелдештер Болот Шерниязов, Болот Шамшиев, Темир Дүйшекеевдин жаркын элесине арналды.
"Ала-Тоо" жогорку лигада алгачкы ирет ойноп жатканына карабай беттешти демилгелүү күү менен баштап, Манас Ниязов удаа ыргыткан эки салымы менен алдыга чыккан. Бирок "Достук" тажрыйбасын көрсөтүп, өзүнүн мурдагы оюнчулары Манас Ниязов жана Таши Майлубашевге каршы коргонуу ыкмаларын таап, тай казанга башка бир да улак салдырган жок. Тескерисинче, мыкты чабуул уюштуруп, оюндун аягында салымдарын жетиге жеткиришти.
Торпокту такымга басып чаң ызгыткан эрендер. Аламан улактан кызыктуу сүрөттөр
"А" тобундагы "Сары-Өзөн" менен "Жаш күч" беттешти 11:6 эсеби менен аяктады.
Эртең "Жаш күч" – "Ынтымак" жана "Ала-Тоо" – "Мурас" командаларынын беттеши болот.
Ал эми Биринчи лиганын командаларынын арасында жарым финалга чыккандары аныкталды.
Эртең "Бакубат-Талас" (Талас) – "Жети-Өгүз" (Ысык-Көл) жана "Кара-Буура" (Талас) – "Сокулук" (Чүй) командалары финалга чыгуу үчүн таймашат.
Оюндар Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында өтүп жатат.
Белгилей кетсек, Нооруз майрамына карата мелдештер Болот Шерниязов, Болот Шамшиев, Темир Дүйшекеевдин жаркын элесине арналды.