Чач менен тырмактын морт болушу кайсы оорудан кабар берери айтылды

Негизинен анемия адам өлүмүнө жеткире турган оорулардын катарына кирбейт. Бирок башты оорутуп, алды кетирип, жашоонун сапатын бир топ начарлатат.
Sputnik
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Тырмак менен чачтын начарлап кетиши кайсы оорудан кабар берерин терапевт Арина Жегалинанын "Пятый канал" телеканалына берген маегине шилтеме берип РИА Новости жазды.
Адистин айтымында, тырмак менен чачтын морт болуп калышына кандагы гемоглобиндин азайып кетиши себеп болушу мүмкүн.
"Гемоглобиндин аздыгы, жөнөкөй сөз менен айтканда, аз кандуулук деп аталат. Мындайда организмде темир азайып, инфекциялык оорулар тез жуга турган болуп калат. Тырмак менен чач алсырайт. Негизинен анемия адамды өлтүрө турган оорулардын катарына кирбейт. Бирок башты оорутуп, алды кетирип, жашоонун сапатын бир топ начарлатат", — деди медик.
Жегалинанын айтымында, гемоглобин сапатсыз тамактанууда же кандайдыр бир себептерден улам организмден кан көп кетип калган учурда түшүп кетет.
Анын деңгээлин билүү үчүн кандын жалпы анализин тапшырып коюу жетиштүү.