БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Сумо боюнча чоңдор жана жаштар арасында Бишкек шаарынын ачык чемпионаты өтөрүн муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.
Мелдеш 20-мартта Раатбек Санатбаев атындагы спорт комплексинде өтөт. 19-мартта спортчулар салмакка түшүшү керек.
Турнирге 13-18 жашка чейинки балдар менен 18 жаштан өйдө курактагы кыздар-балдар катыша алат. Учурда катышуучулардан 300дөн ашуун арыз келген.
Мелдештин максаты сумо спортун өнүктүрүү жана жайылтуу, атлеттердин чеберчилигин өстүрүү жана мыктыларды аныктоо болуп саналат.
Чемпионатты Бишкек шаарынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгы Сумо күрөшү бирикмеси менен чогуу өткөрмөкчү.