Бишкекте жаңы психоактивдүү зат саткан деп 28 жаштагы кыз кармалды. Сүрөт

Кармалган кыз Россиянын жараны. Ал Telegram социалдык тармагы аркылуу психоактивдүү жана баңгизаттарды сатуу каналын жөндөп алганы айтылат.
Sputnik
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Бишкекте жаңы психоактивдүү заттарды жана баңгизат сатып жүрүүгө шектелип 28 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы кабарлады.
1 / 3
Бишкекте жаңы психоактивдүү заттарды жана баңгизат сатып жүрүүгө шектелип 28 жаштагы кыз кармалды.
2 / 3
Ал Telegram социалдык тармагы аркылуу психоактивдүү жана баңгизат сатуу каналын жөндөп алган.
3 / 3
Мындай аракетке бөгөт коюу үчүн тиешелүү операция жүргүзүлгөн.
Ага ылайык, кармалган адам Россиянын жараны. Ал Telegram социалдык тармагы аркылуу психоактивдүү жана баңгизат сатуу каналын жөндөп алган. Мындай аракетке бөгөт коюу үчүн тиешелүү операция жүргүзүлгөн. 
Шектелип кармалган 28 жаштагы кыз
"Шектүүнүн ижарага алып жашаган батирин тинтүүдө кызгылт-сары түстөгү таблетка сыяктуу жана кендир жыттуу белгисиз дары-дармектер, тамеки тарткан жабдуулар, түтүктөр жана бульбулятор аспабы табылып алынган", — деп жазылган маалыматта.
Соттук-химиялык изилдөөдө ал 41 граммды түзгөн жаңы психоактивдүү зат экендигин аныктаган.
Учурда кылмышка тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.