Бишкекте люк капкактарын уурдоого шектелгендер кармалды. Сүрөт

Укук коргоочулар шектүүлөрдүн изин суутпай кармап, Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө алып келишен.
Sputnik
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Бишкекте канализация люктарынын капкактарын уурдоого шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Кайгуул-күзөт милициясынан билдиришти.
1 / 4
Бишкекте канализация люктарынын капкактарын уурдоого шектелгендер кармалды
2 / 4
Бул тууралуу Кайгуул-күзөт милициясынан билдиришти
3 / 4
17-мартка караган түнү укук коргоочуларга Чүй проспекти менен Ауэзов көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адамдар люк капкактарын уурдап жатканы тууралуу маалымат түшкөн
4 / 4
Буга чейин Бишкек мэриясынын турак жай-коммуналдык чарба иштери боюнча вице-мэри Жамалбек Ырсалиев люктун капкактарын уурдап кетип жаткандарга кайрылып, алардын кесепетинен көйгөйлөр жаралып жатканын айткан
17-мартка караган түнү укук коргоочуларга Чүй проспекти менен Ауэзов көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адамдар люк капкактарын уурдап жатканы тууралуу маалымат түшкөн.
"Милиция кылмышкерлерди изи сууй электе кармады. Алар 40 жаштагы Ж.У. менен 64 жаштагы О.У. экени белгилүү болду. Шектүүлөрдүн үй-жайы жок. Териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн жарандар Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилди", - дешти милициядан.
Буга чейин Бишкек мэриясынын турак жай-коммуналдык чарба иштери боюнча вице-мэри Жамалбек Ырсалиев люктун капкактарын уурдап кетип жаткандарга кайрылып, алардын кесепетинен көйгөйлөр жаралып жатканын айткан.