Бишкекте кыргыз күрөшүнүн чеберлери республикалык чемпионатта таймашат

Мелдешке өлкөнүн жети облусунан жана Ош, Бишкек шаарларынан балбандар катышып, жети салмак боюнча күч сынашат.
Sputnik
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. 22-23-март күндөрү Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда кыргыз улуттук күрөшү боюнча өлкө чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы билдирди.
Кыргыз күрөшү боюнча 2021-жылкы өлкө чемпионаты Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы жана Кыргыз күрөш федерациясы тарабынан уюштурулуп, өткөрүлөт.
"Мелдешке өлкөнүн жети облусунан жана Ош, Бишкек шаарларынан балбандар катышып, 55, 60, 66, 74, 84, 96 килограмм жана андан оор категорияларда күч сынашышат", — деп айтылат маалыматта.
Көк бөрү: жогорку лига командаларынын оюндары башталат
Чемпионаттын жыйынтыгы менен кыргыз күрөш боюнча Кыргызстандын курама командасы түзүлөт. Алар Азия, дүйнө чемпионаттарында, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана башка эл аралык ири мелдештерде Кыргызстандын намысын коргомокчу.
Программа боюнча мелдештер 22-мартта саат 10:00дө башталып, расмий ачылышы саат 14:00гө белгиленген.