Маршрутка 5 автоунааны сүзүп алды. Бишкектеги ири жол кырсыгынын видеосу

17-мартта күндүз Киев көчөсүндө ири жол кырсыгы болгон. Күбөлөрдүн айтымында, маршруттук такси менен жеңил унаа кагышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтына жакын жердеги Киев көчөсүндө бир нече автоунаа талкаланган ири жол кырсыгы видеого тартылып калган. Кадрлар "Короче" Telegram каналына жарыяланды.
Анда көрүнүп тургандай, ак түстөгү жеңил автоунаа менен сүзүшкөн маршуртка жол жээгинде токтоп турган бир нече машинаны талкалап кеткен.
Эске салсак, бүгүн күндүз Киев көчөсүндө ири жол кырсыгы болгон. Күбөлөрдүн айтымында, маршруттук такси менен жеңил унаа кагышкан. Кырсыктын кесепетинен жолдун четинде токтоп турган бир нече автоунаа дагы жабыркаган.